Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан терроризм коркунучу бар өлкөлөрдүн ичинен 80-орунда

Кыска кабар | 8 Дек 2018 | 774 | 0

“Терроризмдин глобалдык индексинин” жаңы рейтингинде Кыргызстан 80-орунда жайгашкан. Бул көрсөткүч мурдагысына караганда бир тепкичке жакшырган.

Мурдагы Совет өлкөлөрүнүн ичинен Украинанын абалы кооптуу деп табылып, 21-орунга жайгашкан. Орусия 34-болсо, Тажикстан 74, ал эми Казакстан 75-орунда турат.

Өзбекстан 138 өлкөнүн ичинен 132-катарды ээлеген. Бул өлкөдөгү абал Түркмөнстан жана Беларусиядан да жакшы экени рейтингде көрсөтүлгөн.

Ал эми дүйнө боюнча бул рейтингдин баш сабынан орун алып, кооптуулугу жогору болгон өлкөлөр Ирак, Афганистан, Нигерия, Сирия, Пакистан жана Сомали.

Кошумчалай кетсек, бул индекс Сидней университинин экономика жана тынчтык институ тарабынан жүргүзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM