Биз менен байланышыңыз

Бишкектин жана Оштун депутаттары футбол ойношту

Кыска кабар | 8 Дек 2018 | 610 | 0

Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин депутаттары футбол ойношту. Аталган спорттук таймаш Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата өткөрүлдү.

Футзал боюнча мелдеш 3:2 эсебинде Бишкек шаардык кеӊештин пайдасына бүттү. Биринчи бөлүктө Оштун депутаттары 2:0 эсеби менен утуп, эс алууга чыгышкан.

Экинчи бөлүктө Бишкектин курама командасы оюнду өз пайдасына буруп, 3:2 эсеби менен утушка ээ болду.

Copyright © 2017 Maral FM