Биз менен байланышыңыз

«Кимге канча берилип жатканы боюнча маалыматтар бат эле жетет»

Пикирлер | 7 Дек 2018 | 705 | 0

Транспорт министринин орун басарынын пара менен кармалышы мага эч кандай таасир калтырган жок. Мындай пикирин Kyrgyz Concept ишканасыны негиздөөчүсү, мурдагы Экономика министри Эмил Үметалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө «коррупция» сөзү көп айтылып жүргөнү менен пара алгандардын аты-жөнү, каражаттын суммасы, конкреттүү фактылар айтылбайт.

«Бирок баарыбыздын эртеден кечке “коррупция” деп жүргөнүбүз паракорчулуктун баарын билип жүргөндүгүбүздүн, азбы-көппү коррупциялык көрүнүштөр ар кайсы жерде каптап кеткенинин белгиси. Камалып эле калганы болбосо калган коррупционерлер эл арасында белгилүү. Пара бергендер акырын четин чыгарып коюшат. Кыргызстандын калкы аз болгондуктан кимге канча берилип, кандай иштер бүтүп жатканы боюнча маалыматтар бири-бирибизге бат эле жетип калат», — дейт Үметалиев.

Эске салсак, 5-декабрь күнү Транспорт жана жолдор министринин Ж.А. (Азимкан Жусубалиев экени болжолдонууда) аттуу орун басары 50 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал жолдорду куруу жана оңдоо боюнча өтүп жаткан тендерди чет элдик компаниянын пайдасына чечип берүү үчүн пара алган. Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыш ишин иликтөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM