Биз менен байланышыңыз

УКМК: Мамэкотехинспекциясынын кызматкерлери пара алып кармалды  

Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 490 | 0

6-мартта Экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекциясынын Талас областындагы башкармалыгынын башкы инспектору А.К. жана инспектору З. у. С. пара алып алып жаткан учурунда кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Такталгандай, жогорудагы аталган адамдар жеке ишкананы текшеребиз деген шылтоо менен ишкерден акча каражатын талап кылышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренси (Опузалап пара алуу) боюнча кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар Талас облусттук ички иштер бөлүмүнүн тергөө камагына киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM