Биз менен байланышыңыз

Бишкектин бюджетине 60 миллион сом кошулду

Кыска кабар | 7 Дек 2018 | 671 | 0

Бишкек шаарынын бюджетине 60 миллион сом кошулду. Бул сумма жер тилкесин иштеткен арендаторлордун карызын өндүрүүдөн түштү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Жалпысынан арендаторлор мэрияга бир миллиард сомдон ашык карызы бар. Алардын көпчүлүгү өндүрүлөрү күмөн карыздар. Маселен, бир компания Көк-жар районунан жер тилкесин иштетүү үчүн алып, ал участок иштетилбей калган. Кийин ал жердин бир бөлүгүнө жол курулуп калган. Эми ал жерден карыз өндүрүлбөй, же жер иштетилбей ортодо калып, тараптар соттошууда.

Мындан сырткары шаардагы жарнамалык такталарды арендага берип, төлөмдөрү толук алынбай калган жагдайлар көп учурайт.

Учурда Бишкек мэриясы аренда боюнча ишти ирээтке келтирүү боюнча жоболорду иштей баштаганын да билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM