Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы түштүк аймактарды кыдырат

Кыска кабар | 7 Дек 2018 | 744 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Көк-Алма айылында социалдык объектинин ачылыш аземине катышат.

Мындан тышкары Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы бир катар социалдык, инфраструктуралык мекемелердин абалы жана өндүрүштүк ишканалардын ишмердиги менен таанышмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM