Биз менен байланышыңыз

Жалган тармактык соода желесинин ээси кармалды

Кыска кабар | 7 Дек 2018 | 582 | 0

Чүй райондук милиция кызматкерлери Токмок шаарынын тургунуна карата арыздардын негизинде Б.Н. аттуу 39 жаштагы аялды кармашкан. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык кармалган жаран адамдарды белгисиз тармактык соода желесине (сетевой маркетинг) каттатып,  ай сайын айлык берип туруу шарты менен алдап, ири суммадагы акча каражаттарын алып, изин жашырган.

Токмоктун Р.А. аттуу тургуну шектүүгө 17 миң евросун карматып, ошол бойдон таппай калганын айтып, милицияга кайрылган. Ушундай эле арыз менен 21 киши кайрылып, бары бир эпизоддун ичинде каралууда.

Аймактык милиция кылмыш ишин сотко өткөрүп жатышканын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM