Биз менен байланышыңыз

Тажикстандагы түрмөдө чыккан тополоң дагы алты кызматкерди ишинен ажыратты

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Дек 2018 | 728 | 0

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Хожент шаардык прокуратурасынын алты кызматкерин ишинен бошотту. Бул тууралуу Ozodi.org сайты жазып чыкты.

Иштен алынгандар камактагылардын арыздарына көңүл бурбай, шалаакылык кетирген деп айыпталууда. Буга чейин ушул окуя боюнча тополоң чыккан түрмөнүн жетекчиси менен жети кызматкери «адам өлүмүнө алып келген шалаакылык» беренеси боюнча соттолушкан.

Эске салсак, 8-ноябрь күнү Хожент шаарындагы №3 күчөтүлгөн режимдеги абакта камалгандар чуу чыгарып, натыйжада 2 коопсуздук кызматкери набыт болуп, беш киши оор жаракат алган. Тополоңду басуу учурунда камалгандардан расмий маалымат боюнча 21 киши өлтүрүлгөн. Алар жалаң террористтер жана өзгөчө кооптуу кылмышкерлер экенин айтышкан. Бирок кээ бир булактар өлгөндөрдүн саны 50гө чамалаганын билдиришет. Тополоңго катышкан бир нече кылмышкерге кайрадан жаңы «адам өмүрүнө кол салуу», «жетекчиликке баш ийбөө», «абактагы тартипти бузуу» сыяктуу беренелер боюнча кылмыш иши козголду.

Copyright © 2017 Maral FM