Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда кыргыз актрисаларына нааразы болгондор болду

Өзбекстанда «Делбирим» тасмасына кыргыз актрисалары тартылаарын сындагандар да болбой койгон эмес. Бул тууралуу Өзбекстан кинематографисттер союзунун төрагасы Матьякуб Матчанов билдирди.

«Чыңгыз Айтматов өзүнүн повесттерин бир гана кыргыздар үчүн эмес, бүт дүйнө үчүн жазган. Тасмада ролду кыргыздар жаратабы же өзбектерби — биз үчүн айырмасы жок. Эң башкысы жакшы тасма чыгышы керек болчу. Мадина Талипбек өз ролун мыкты аткарды. Жөн жерден аны Өзбекстанда өткөн эл аралык фестивалда мыкты деп аныкташкан жок да. Бул сыйлыктан кийин мен режиссёр Сарвар Каримовдун каарман тандоодо жаңылбагандыгын түшүндүм. Ал башында эле Өзбекстанда Мадинадай кызды таба албастыгын айткан эле»,-деп кошумчалады Матчанов.

Ал «Өзбекстанда эл ушундай маселени көтөрүп чыккан, бирок тасманы көргөндөн кийин мындай ойлор жоголду»,-дейт.

Кыргызстандык продюсер Паризат Жакыпова кыргыз жигиттери тарабынан «Башкы эркектин ролдорун өзбек жигиттери аткарбашы керек болчу»,-деген  кызганычтарды байкаганын айтты.  Ал, «Тасманын эң башкы максаты — достукту чыңдоо болчу, жана мындай сындар негизсиз»,-деп баса белгиледи.

Эске сала кетсек, Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизинде тартылган бул тасмада Ильяздын ролун өзбек актеру Адиз Ражапов, Байтемирдин ролун Улугбек Кадыров аткарса, кыргыз актрисасы жана модель Мадина Талипбек Аселдин образын, ал эми атактуу кыргыз актрисасы Элина Абай кызы Кадичанын образын жаратышкан.

Тасманын премьерасы Өзбекстанда көрсөтүлгөн, ал эми Кыргызстанда премьера 5-декабрда болду.

Copyright © 2017 Maral FM