Биз менен байланышыңыз

Жер ортолук деңизинде оодарылган кайыктан 12 киши набыт болду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 773 | 0

Жер ортолук деңизинде он күн бою жээкти таппай жүрүп оодарылган үйлөмө кайыктагы мигранттардын кеминде 12си набыт, үчөө дайынсыз болууда.

Бул тууралуу Эл аралык миграция уюму кабарлады.

Кайыкта калган он киши Либия деңиз куткаруучулары тарабынан куткарылып, төртөө ооруканага жаткырылып, медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Калган алтоосу атайын мигранттардын лагерине жайгаштырылды.

Азырынча кайыктагылардын баштапкы саны жана алардын жарандыгы ачыктала элек.

Траблус шаарындагы оорукананын дарыгери  Мухаммед Абугалия тирүү калгандар ачкалыктан жана суусуздуктан онтоп, азап чегип жатышканын, эми ден соолуктары калыбына келгенин айтты.

Эске салсак, акыркы төрт жылда Африкадагы жакырчылык жана Жакынкы Чыгыштагы согуштардан качып, Жер ортолук деңизи аркылуу Европа тарапка агылган миңдеген мигрант техникалык коопсуздук эрежелерин сактабаганы үчүн денизге чөгүп кетишкен. Акыркы маалыматтар боюнча бир жылда өлгөндөрдун саны эки миңден ашты.

Copyright © 2017 Maral FM