Биз менен байланышыңыз

Америкалык эки аскердик учак кагышып, Тынч океанга кулап туштү

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 717 | 0

Америкалык Аскердик деңиз күчтөрүнө таандык болгон бомбалоочу-аткыч F|A-18 менен учактарга абадан май куюучу KC-130 Тынч океанына кулап түштү. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.

Тынч океандын Япония жээгине 320 км алыстыкта 10 миң метр бийиктиктен кулаган учактар кагышып кеткени айтылууда. Ичиндеги жети аскердин бирөө тирүү табылганы кабарланды. Калган алтоосун издөө иштери жүрүп жатат. Ага эки америкалык аскердик учак жана алты кеме жардамга барышты. Окуя жергиликтүү убакыт боюнча түнкү 02:00 чамасында болгон.

Кырсыктын себептери учурда иликтенүүдө.

Кошумчаласак, F\A-18 Американын күч түзүмдөрүнүн негизги аскердик учагы болуп саналат. Ал аралыкты эсептегич санариптик технология менен жабдылган. Ал эми KC-130 дагы АКШ менен НАТО нун негизги куралдарынан болуп, аскердик транспортторду ыкчам май менен камсыздайт.

Copyright © 2017 Maral FM