Биз менен байланышыңыз

Султанбекова: Баямандын көзү тирүү болсо саясатка аралашмак эмесмин

Пикирлер | 5 Дек 2018 | 995 | 0

Мурунку вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты Чолпон Султанбекова жолдошу Баяман Эркинбаевдин көзү тирүү болсо эч качан саясатка келмек эмес. Бул тууралуу өзү “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын Жогорку Кеңешке депутат болушуна эл түрткү болгонун айтат.

«Баяман өтүп кеткенде Кадамжай районунун эли «саясатка бар деп» колдошту. Өзүм көк көйнөк кийип отурсам, эл кандай дейт деген ой келди. Бакиевден жеген запкы бар эле. Баямандын жасаган иштери да туруп калды. Бир чети жолдошум ооруп каза болсо, балким башкача болсок. Ал артынан оор жүк таштап кетти. Мен уят болбой иштешим керек деп ойлодум. Ошол убакта биздин үй-бүлөгө, жакындарбызга болгон саясий кысымдар мени бир орунда отургузбай койду. Мындан улам саясатка келдим»,-дейт Султанбекова.

Ал эми «Республика» партиясынан кетип «Кыргызстанга» кошулганын мындайча түшүндүрдү.

«Мен «Республиканын» абийирин сактоого күрөштүм, аягына чейин партияда турдум. Ушул жолду акырына чейин Өмүрбек Бабанов менен өттүм. Шайлоого «Республика» менен барам деп ойлоп жүргөндө саясий формат өзгөрдү, партия «Ата Журт» менен кошулду. Эки партия биригип калганда айрым адамдар менен саясатка чогуу бара албайм деген ой пайда болуп, «Республикадан» кетип калдым. Ошол учурда 2 чоң партиядан сунуштар түштү. «Кыргызстан» партиясынын ичиндегилер да «Республикадан» чыккан. Эмнегедир саясатка бирге барып, бирге жүргөндөр көзүңө жакын көрүнөт экен. Ошондуктан “Кыргызстанды” тандап алдым»,-дейт Султанбекова.

Copyright © 2017 Maral FM