Биз менен байланышыңыз

Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулду

Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 596 | 0

5-декабрда Бишкекте автоунааларды токтотуучу көп кабаттуу имарат курулду. “Дордой Plaza” соода борбору курган бул жерге 300 унаа жайгаша алат.

Дордой Ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун маалымдашынча, соода борбордун айланасындагы жалпы жайларды кошкондо, 1000 унаа бата тургандай орун түзүлдү. Муну менен борборго келген кардарлар жол кыймылына тоскоолдук кылып, тыгын жаратпай тургандай шарт түзүлгөнүн белгиледи.

Жаңы бүткөн имаратта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү ажыраган жарандарга да ыңгайлуу шарт түзүлүп, ар бир бөлүктө экиден лифт да орнотулган.

Copyright © 2017 Maral FM