Биз менен байланышыңыз

Францияда күйүүчү майга болгон салыкты көтөрүү убактылуу токтотулду

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 789 | 0

Франциянын өкмөт башчысы Эдуар Филипп күйүүчү майга болгон салыктын наркын көтөрүүгө жарым жылдык мораторий киргизди. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

17-ноябрдан бери уланып келе жаткан «Сары кемселчендердин» нааразылык акциялары бийликти артка кадам таштоого мажбур кылды. Митингчилер 2019-жылдын 1-январынан тарта бензин салыгынын көтөрүлүүсүнө каршы чыгышкан. Себеби салык наркы бензиндин баасына түздөн-түз таасир этери бышык. Алар ансыз деле үстүбүздөгү жылы бензин менен дизель майына болгон баа 15%-25% га өскөнүн айтышып, мындан ары көбөйтүү жарандарга оорчулук жаратарын айтышууда.

Президент Эммануэль Макрон болсо экологиялык коопсуздукту эске алуу менен куйүүчү майдын салык наркын азайтуудан баш тарткан.

Кошумчалай кетсек, өлкө боюнча 36миңдей «сары кемселчендер» полиция менен кагылышууларга чейин барып, жалпысынан он автоунааны өрттөп жиберишти. Митинг катуу башаламандыктар менен коштолуп, кармалгандардын саны 412 болсо, жаралангандар 133кө жетти. Ал эми 4 киши набыт болду. Бул тополоң Франциянын соңку элүү жылдык тарыхындагы эң чоң ызы-чуу болуп саналат.

 

Copyright © 2017 Maral FM