Биз менен байланышыңыз

Карабах маселеси Миланда талкууланат

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 634 | 0

Азербайжандын Тышкы иштер министри Элмара Мамедярова менен Армениянын ТИМнин милдетин аткаруучу Зограб Мнацаканян бүгүн Миланда жолугушат. Анда алар талаштуу Карабахтагы кырдаалды жөнгө салууну талкуулашат. Тоолуу Карабах эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган үчүн сүйлөшүүгө катышпайт.

Тараптардын маалыматына ылайык жолугушууга ЭККУнун Карабах боюнча атайын өкүлү ортомчу катары катышат. Ал эми бул иш-чара ЭККУнун Тышкы иштер министрлеринин 6-7-декабрда Миланда өтө турган 25-сессиясынын алкагында жүрүүдө.

Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү ушуну менен быйылкы жылы үчүнчү жолу жолугушуп жатышат. Буга чейин июлда Брюсселде, ал эми сентябрда Нью-Йоркто да аталган маселени талкуулашкан.

Буга чейинки сүйлөшүүлөргө катышкан ЭККУнун өкүлдөрү Карабахтагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн тараптарды компромисске чакырып, бири-бирине каршы агрессивдүү билдирүүлөрдөн жана орой сөздөрдөн качуу абзел экенин эскертишкен.

Эске салсак, 1988-жылы Тоолуу Карабах автономиялык облусунун Азербайжандан бөлүнүү аракетинен улам башталган Карабах чуусу алигүнчө токтой элек. 1991-жылкы куралдуу кагылыштардан кийин Азербайжан аймакка өкүмүн жоготуп, Тоолуу Карабах Республикасы(ТКР) түзүлүп калган. 1994-жылы Бишкекте өткөн тынчтык сүйлөшүүсүнүн натыйжасында кол коюлган тынчтык келишимине ылайык куралдуу кагылыштар соңуна чыгып, сүйлөшүүлөр жүрүп келүүдө.  Бирок Карабахтын эгемендигин колдогон Армения жана ага каршы болгон Азербайжандын ортосундагы мамиле дагы деле солгун бойдон келе жатат.

Copyright © 2017 Maral FM