Биз менен байланышыңыз

Орусиялык инвесторлордун Украинадан чыгуусунун кесепети айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 715 | 0

Орусиялык ишкерлердин Украинадан чыгып кетүүсу миңдеген украиналыктардын жумуш ордун жоготуу коркунучуна алып келет. Мындай пикирин Жогорку Раданын депутаты Анна Герман «112 Украина» телеканалына берген маегинде билдирди.

Буга чейин Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко президент Петр Порошенкого жана Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешине (СНБО) өлкөдөгү айрым орусиялык жеке жана юридикалык тараптардын ишмердигине чектөө киргизүү сунушу менен кайрылган болчу. Өзгөчө орусиялыктардын активдерин камоону сунуштаган.

Бирок депутат Германдын пикиринде бул бийликтин Орусияга каршы позициясын көрсөтүү үчүн кылган көргөзмөсүнөн башка нерсе болбосун билдирди. Ошондой эле ал кандай болбосун мамлекетке инвестор тартуу керектигин, болбосо өлкөдө акча жок эенин баса белгиледи.

«Орусиядан келген ишкерлер бул жакка Кремлден жумушчу алып келишпейт да. Алар жергиликтүү тургундарга жумуш ордун түзүп берүүдө. Алдыдагы шайлоо өнөктүгүндөгү башкы чакырык «Москвадан узак тур!» эмес, «Кедейликтен, кемсинүүдөн узак тур!» болсо жакшы болмок. Ошондо көбүрөк эл шайламак»,-деди Анна Герман.

Эске салсак 2014-жылы Крымдын Украинадан бөлүнүп, Орусияга кошулуусунан кийин эки өлкөнүн ортосундагы мамиле начарлап олтуруп, жолдорун биротоло айрышкан. Украинанын азыркы бийлиги Москвасыз жашоо урааны менен саясат жургүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM