Биз менен байланышыңыз

Элчи: Экономикалык мамилелерди жандантууну көздөйм

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2018 | 603 | 0

Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко “Марал” радиосуна берген маегинде эки өлкө ортосундагы экономикалык мамилелерди жандантуу башкы максаты экенин билдирди.

Валерий Жевтонко Кыргызстан менен Украинанын Тышкы иштер министрликтеринин,  өкмөттөр аралык диалог, эки өлкөнүн соода-сатык алакасы позитивдүү багытка өнүгүшү үчүн аракет кыларын белгиледи.

«Кыргызстан биз үчүн маанилүү өлкө. Ал дүйнөлүк экономикада орду бар Кытай Эл Республикасы менен кошуна жайгашкан. Биз Кыргызстанга жардам бергибиз келет. Эки мамлекет тең жаманбы, жакшыбы СССРдин курамынды жашадык. Мындан сырткары, жөн гана досторубуз көп болушуна кызыктарбыз. Биздин көз караштар Кыргызстан тарабынан позитивдүү кабыл алынат деп ишенем», — дейт элчи.

Copyright © 2017 Maral FM