Биз менен байланышыңыз

Милициянын кыйноосуна кабылып, арыздангандардын саны өсүүдө

Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 612 | 0

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго келген арыздардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. 3 жылдын аралыгында 132 арыздан 237ге жеткен. Бул тууралуу борбордун директору Нурдин Сулайманов айтты.

-Бизге келген кайрылуулардын негизинде статистикада айырмачылык бар. Мисалы, 2016-жылы 132 арыз келип түшкөн болсо, 2017-жылы 217 арыз келген. Ал эми быйыл 10 айдын ичинде келген арыздардын саны 237ни түздү.

Улуттук борбордун берген маалыматы боюнча, келген арыздардын көпчүлүгү ИИМге байланыштуу. 2015-2016-жылдары милициялардын дарегине келген арыздар 85%ды түзсө, 2017-жылы бул көрсөткүч 91%га жеткен.

Мындан улам улуттук борбор тиешелүү тараптарга бир катар сунуштамалар берилгени менен ушул күнгө чейин алардын 50% гана аткарылган.

Copyright © 2017 Maral FM