Биз менен байланышыңыз

Акы төлөнчү жолдордун болжолдуу баасы айтылды

Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 794 | 0

Акы төлөнүүчү жолдордун болжолдуу баасы белгилүү болду. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жыйында билдирди.

Эксперттик топ иштеп чыккан тарифке ылайык, чакырымына жеңил унаалар 57 тыйындан, ал эми оор жүк ташыган унаалар 2 сомдон 14 сомго чейин төлөй турган болот.

Бул так белгиленбеген, болжолдуу нарк боулп саналат. Эми министрлик ассоциациялар менен талкуулап, бир чечимге келишет.

Министр учурда укуктук-нормативдик документтер даярдалып жатканын кабарлады.

Бул долбоор мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасынын алкагында ишке ашып, аны инвестор ишке ашырат да, мамлекет түшкөн кирешеден белгиленген пайызын алып турмакчы.

Кошумчалай кетсек, буга чейин министрлик кайсы жолдор акылуу болорун жарыялаган. Алар Бишкек –Ош жолунун Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолу. Экинчиси, Кара-Балта- Чалдыбар жолу. Андан тышкары, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Кубакы- Балыкчы жолун кыскартуу үчүн Кубакы ашуусу кирет. 147-чакырымдан башталып, 214-чакырымга чейин кошулат.

Copyright © 2017 Maral FM