Биз менен байланышыңыз

Элчи: Украина Европа стандарттары менен өнүгүүгө багыт алды

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2018 | 681 | 0

Украина Европа стандарттары менен өнүгүүгө багыт алды. Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Украинада жолдор да европалык стандарттар менен салынып жатат. Курулуш тармагы да Европанын талаптары менен иш алып барууда.

«ИИМдеги реформанын арты менен өлкөдө армиянын духу өзгөрдү. Башкысы биз Евроатлантикалык биримдик менен толук кандуу кызматташа баштадык. Армияны башкарууну, курууну үйрөнүп, машыктыруулар боюнча аскерлер окутулду. Мындан сырткары, айлана чөйрөнү коргоо боюнча дагы кызматташтыктар жүрүүдө. Өлкөнүн саясий вектору Европага багыт алды. Визасыз режимдерди ишке ашыруунун арты менен Европага баргандардын саны өстү. Жыл ичинде 20 млн адам Европага кирген. Булар — бизнес өкүлдөрү, студенттер, окумуштуулар жана туристтер. Айылдагы адам үчүн, эл үчүн виза алуу кыял болчу. Азыр эми биометрикалык паспорт менен барып келишүүдө», — дейт Валерий Жовтенко.

Элчи буга кошумча, Украинада ишкерлерге соода-сатык жана инвестиция үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн айтат. Акыркы убакта түз инвестициянын, орточо айлык акынын көлөмү өсүп жатканын белгилейт.

«Коомчулукта ачык-айкындуулук доору түзүлдү. Бийлик пенсияларды жогорулатуунун жолун издеп жатат. «Дуинг бизнес» боюнча көп демилгелерди колдоду. Евроинтеграция боюнча айтсак, биз менен кызматташкан эл аралык инститтуттар Украинаны жакшы колдойт. Алар Украинаны жакшы өнөктөш катары көрөт. Украиндер айткан нерсесин аткарат. Эл аралык уюмдар Украинага ишенет», — дейт Валерий Жовтенко.

Copyright © 2017 Maral FM