Биз менен байланышыңыз

«Почта кызматкерлери пенсияларды жеткирип берүүгө милдеттүү»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2018 | 726 | 0

Почта кызматкерлери пенсияларды жеткирип берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, почта кызматкерлери пенсия таратып жатып түрдүү гезит бергени туура эмес. Алар жарандын пенсиясын толук бериши керек. Эгер гезит берип, каражаттан кемитип калчу болсо анда пенсия алуучулар Социалдык фонддун башкармалыктарына кайрылышы зарыл.

«Социалдык фонд бардык пенсияларды жарандын төлөгөн төгүмдөрүнө, эмгек тажрыйбасына, орточо айлык маянасына гана жараша төлөп берет. Пенсия чегерүү мыйзам чегинде болот. Эгер жарандын стажы толук болсо мамлекет тарабынан кепилденген 1780 сом пенсия берилет. Эмгек тажрыйбасы жетпесе төмөндөтүп эсептөөгө туура келет. Пенсия жашоо узактыгына жараша төлөнөт. Көп жыл жашагандарды да тилектештик менен пенсиялык фонддун эсебинен каражат төлөп берүүдөбүз», — дейт Мукамбетов.

Маалым болгондой, жарандар Социалдык фонддун башкармалыктарына кайрылып, жеке эсебине түшкөн каражат менен тааныша алат.

40 жылдык эмгек тажрыйбасы бар эркектер 60 жаштан, ал эми бийик тоолуу шартта 15 жыл иштеген аялдар 45 жаштан тарта пенсияга чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM