Биз менен байланышыңыз

2019-жылы пенсиянын тарифтери кайра эсептелиши мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2018 | 2471 | 2

2019-жылы пенсиянын тарифтери кайра эсептелип чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлдөрүнөн тарифти азайтуу боюнча сунуштар түшүп жатат. Тарифтердин өзгөрүүсү орточо айлыкка жараша болот.

«2012-жылы тарифтерди 12%га түшүргөн элек. Бирок ойдогудай болгон жок. Жашоо минимумунан төмөн акча алган пенсионерлердин санын азайтууга аракет кылып жатабыз. Жер иштеткен жарандар салыктарын өз убагында төлөшү шарт. Үлүш жер үчүн төгүмдөр толугу менен төлөнсө үй-бүлө мүчөлөрүнө стажына карата эсептелет», — дейт Мукамбетов.

Учурда пенсионерлерди каражат менен камсыздоо салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт. Социалдык фонд топтолгон каражаттын 91 пайызын пенсияга коротот.

«Ишкерлер, камсыздандырылган адамдар төгүмдөрүн айдын 15-күнүнө чейин которушат. Ошондуктан биз айдын 10-күнүнөн тарта пенсия бере баштайбыз», — дейт Мукамбетов.

Малым болгондой, патент алып иштегендер соцфондго төлөм төлөшсө пенсия алат. Ал үчүн орточо эмгек акынын 8 пайызы төлөнөт. Жер үлүшүнүн салыгы төлөнсө пенсия кайра эсептелип, каражат кошулат. Ал эми мамлекеттик ишканаларда эмгектенгендер айлык акынын 27,25 % камсыздандыруу төгүмү үчүн төлөйт. Анын 10 пайызын кызматкер, калган бөлүгүн жумуш берүүчү төлөйт. Аны ай сайын же бир жылда бир топтоп төксө болот.

Белгилей кетсек, 40 жылдык эмгек тажрыйбасы бар эркектер 60 жаштан, ал эми бийик тоолуу шартта 15 жыл иштеген аялдар 45 жаштан тарта пенсияга чыгат.

2 пикир

2 пикир

  1. гулзат

    21.06.2019 14:32

    эгерде улуш жери жок болсо.бирок дыйкан чарба мучоосу болсо тоолу райондордогулар пенсияга канча жаштан чыгышат

    • Эркин

      27.05.2020 23:45

      Ипенсияга чыгып иштеп жургондорго жылына канча олчомдо же процент акча кошулуп турушу керек.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM