Биз менен байланышыңыз

Мукамбетов: Топтомо фонд бардык пенсионерлерге каралган эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2018 | 871 | 0

Топтомо фонду бардык пенсионерлерге каралган эмес. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңиш Мукамбетов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Социалдык фонддун топтомо фонду 2010-жылы киргизилген. Ал 1969-жылдан кийин төрөлгөн аялдарды жана 1964-жылдын соң төрөлгөн эркектерди гана камтып келет.

«Учурда интернет булактары аркылуу «соцфондго барсаңар топтомо фондунан кошумча каражат берет» деген маалымат тарап жатат. Бул маалыматтар калп. Биз 2010-2011-жылы пенсияга чыгууга аз убактысы калган жарандардын каражатынан 2 пайыздан кармап калганбыз. Эми ал акчаны жаран пенсияга чыкса, башка жакка көчүп кетсе кайтарып берип жатабыз. Бул акча жалпы пенсионерлерге каралган эмес, тагыраагы баарына берилбейт. Анткени алар топтомо фондунун системасына кошулган эмес», — дейт Мукамбетов.

Маалыматка ылайык, эгер 2010-2011-жылдары иштеген пенсионерлер акча каражатын алган эмес болсо, анда азыркы күндө инвестициялык кирешеси менен алууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Мукамбетов айрым түшүнбөстүктөн улам пенсионерлер соцфонддун кызматкерлерине тоскоол болуп жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM