Биз менен байланышыңыз

Франциядагы «сары кемселчендер» митинги: май куюучу жайларда бензин түгөндү

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 513 | 0

Францияда он күндөн бери уланып жаткан нааразылык митинги курч мүнөз алды. Башаламандык менен коштолгон нааразылыктар Париждин көчөлөрүн түтүнгө булады. Жүздөн ашык жарадар жана 400дөн ашуун кармалгандар катталды.

Салык реформаларына каршы чыккандар президент Эммануэл Макрондон бензинге болгон салыкты түшурүүнү же болбосо отставкага кетүүсүн талап кылышууда. Себеби бензинге салык наркы көтөрүлсө анын баасына түздөн-түз таасир этери бышык.

Бензинге карата салыктын көтөрүлүшүнө каршы чыккан жарандарга эми «Тез жардамдын» да кызматкерлери кошулуп, борбордук аянтты жаап салышты. Тез жардамчылар жумушсуз калуудан кооптонуп, саламаттыкты сактоо тармагындагы реформага каршы болушууда.

Митингчилер өлкөдөгү күйүүчү май  концернинин 11 май сактоочу кампасын тосуп салгандан кийин ондогон Total  май куюучу жайларында бензин түгөндү.

Өткөн аптада президент өкмөттү митингчилер менен сүйлөшүүсүн тапшырган болчу. Бирок ал натыйжасын бербеди. Макрон экологиялык коопсуздукту эске алуу менен бензинге болгон салыкты көтөрүүдөн баш тартпасын билдирген.

Бул ызы-чуу Францияда акыркы элүү жылдагы эң чоң чыр экени айтылууда.

Эске салсак, ушул жылы бензинге болгон баа 15%га, ал эми дизел майына 25%га өскөн.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM