Биз менен байланышыңыз

Айбек мырза: Саясатчыларда туруктуу көз караштын жоктугу өкүнтөт

Пикирлер | 3 Дек 2018 | 732 | 0

Бир биз жактуу каралоо менен алек болуп калдык. Саясатчыларда туруктуу көз караштын жоктугу өкүнтөт. Мындай пикирин «Эркин эл» саясий партиясынын теңтөрагасы, жарандык активист Айбек Бусурманкулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, туруксуз саясатчылар өз күчүнө ишенбейт. Мындан улам башкаларга кошулуп кетишет. Алар коомдук пикирден көз каранды болуп калышкан.

«Коомду өз пикириңе ынандыра алсаң, анда туруктуу саясатчы болуп эсептелесиң. Ою сыйга татый турган, туруктуу саясатчылар да жок эмес. Ө.Текебаев, А.Мадумаровдун тарыхта орду бар. Алар Кыргызстанда демократияны өнүктүрүүгө ири салым кошушкан. К.Байболов, Р.Отунбаева, А.Атамбаевдин жакшы жактарынан сабак алсак болот. Мен А.Бекназаров, убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү менен аралашып жүрөм», — дейт Бусурманкулов.

Ал саясатка мекенге болгон сүйүү алып келгенин, адилетсизиктерди көрүп, кайдыгер карап тура албаганын айтат.

«Мекенге кызмат кылуу дымагы, ички умтулуу болду. Көп адамдардын улуттук аң-сезиминин өзгөрүүсүнө жетиштик. Бирок бийликке келмейинче, кандай гана коомдук иш кылсак да маселе чечилбейт. Ошондуктан чоң саясатка аттанууга туура келди. Саясатка келип элге кызмат кылам деген сезим үстөмдүк кылды. Өз кесибин менен иштеп жан багуу жеңилирээк. Ал эми саясатта тобокелчиликтерге барууга туура келет. Өмүрүңдөн корксоң, анда саясатка аралашпай койгон оң», — дейт Бусурманкулов.

Ал буга кошумча, киреше алып келген каржы булактары болгондуктан ээн-эркин саясатта жүргөнүн айтып өттү.

Copyright © 2017 Maral FM