Биз менен байланышыңыз

Израилде велосипед тебүү үчүн айдоочулук күбөлүк талап кылынат

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 629 | 0

Израилде 2019-жылдын 1-январынан тарта ток менен иштөөчү самокаттарды жана велосипеддерди тебүү үчүн атайын сынактан өтүп, айдоочулук күбөлүк алуу талап кылынат. Бул тууралуу Ynet порталы кабарлады.

Мурдарак эле Израиль өкмөтү жол кыймылынын коопсуздугун сактоо максатында велосипеддерди колдонууну көзөмөлдөө боюнча программа кабыл алган болчу. Өлкөнүн Транспорт министрлигинин билдиришинче жылдын башынан бери 17 велосипедчен киши каза болгон. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2.5 эсеге көп.

Жол кыймылынын коопсуздугун сактоо үчун атайын теориялык курс түзүлүп, аны ийгиликтүү окуп, сынак тапшыргандар гана велосипеддерди колдоно алышат. Бирок электрдик велосипеддерди колдонуучулардын минималдык жашы 16дан 15ке түшүрүлдү.

Айдоочулук күбөлүк албай колдонгондор же алардын ата-энеси милдеттүү түрдө айыппул төлөйт. Транспорт министрлиги унаа жолдогу кырсыктарды азайтуу максатында айыппулдун көлөмүн бир кыйла жогорулатканын билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM