Биз менен байланышыңыз

Баткен: «Көк-Талаа» көзөмөл пунктунун кызматкерлери кармалды

Кыска кабар | 15 Ноя 2021 | 771 | 0

Баткен облусундагы «Көк-Талаа» транспорттук көзөмөл пунктунан акча жасоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, айтылган пункттун кызматкерлери кызмат абалынан кыянат пайдаланып, салмак-габарит ченемдерин бузуу менен өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

Бул маалымат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү менен катталып, сотко чейинки тергөө, иликтөө иштери жүргүзүлгөн.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында жогорудагы маалымат тастыкталып, ошондой эле пара катары акча алууга шектелип, Транспорт жана жол министрлигинин автоунаа, суу транспорту жана салмак-габарит көзөмөл агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын бөлүм башчысы З.С.А. жана «Көк-Талаа» транспорттук көзөмөл пунктунун башкы инспектору М.Э. Кызыл-Кыя ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда кармалгандарды тергөө, бул ишке башка адамдардын да катышы бар-жогун иликтөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM