Биз менен байланышыңыз

Каирде ири аскердик курал-жарактардын көргөзмөсү өтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 761 | 0

Бүгүн, 3-декабрда Египеттин борбору Каир шаарында ири аскердик курал-жарактардын көргөзмөсү болот. Президент Абдаль Фаттах ас-Сиси ача турган EDEX-2018 аймактагы  аскердик тармактагы эң ири жарманке болору айтылууда.

3-5-декабрь күндөрү өтө турган иш чарага 41 мамлекеттен 373 компания катышып, өз өндүрүштөрүн тааныштырышат. Тактап айтканда, АКШнын 42 ишканасы, Франциянын 34 жана Орусиядан 13 компания катышары маалым болду.

Египет мамлекети мындай ири курал көргөзмөсүн биринчи жолу уюштуруп жатат. Эми мындан ары аталган иш чара эки жылда бир өтө турган болууда.

Бул жолку көргөзмөгө он миңдеген көрүүчүлөр келери кутүлүүдө.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM