Биз менен байланышыңыз

Сирия армиясы 270 террористти жок кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 632 | 0

Сириянын күч түзүмдөрү өлкөнүн түштүгүндөгү Сувайда шаарында ИШИМ террордук тобунун 270тен ашуун согушкерин жок кылганын билдирди.

Бул аскердик операция географиялык катаал аймакта ишке ашкан. Дөңсөөлүү, үңкүрлүү аймакта аталган топ өзүнүн базасын бекем орнотуп алгандыктан күрөш оор болгонун билдиришти. ИШИМдин колунда согуштук куралдары да жетиштүү болгон үчүн Сирия борбордук күчтөрү кошумча курал-жарактардын жардамы менен каршы тарапты жеңди.

Жергиликтүү Сана телеканалынын маалыматы боюнча армия тарабынан бул аймактагы Тель ас-Сафа тоолуу чөлкөмүндөгү ИШИМдин ири борбору жок кылынган. Ошону менен бирге жогорудагы операцияда террористтердин талаа командирлеринен бир нечеси да набыт болгон.

Эске салсак, Сирияда 2011-жылдан бери үзгүлтүксүз уланып келе жаткан жарандык согуш үстүбүздөгү жылы бийликтеги Баша Асад жетектеген расмий Дамасктын бир катар аймактарда козголоңчулардан көзөмөлдү алуусу менен уланууда. Учурда оппозициянын колунда калган жалгыз аймак Идлиб шаарында 3 миллиондон ашуун калк жашап, арасына ар кандай радикал топтор да кошулуп калганы кабарланууда. Ал жерди террордук топтон арылтуу иштери жүрүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM