Биз менен байланышыңыз

Euro-2020га чүчүкулак тартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 868 | 0

Футбол боюнча Европанын 2020-жылкы биринчилигинде беттеше турган курама командалар аныкталды. Ирландиянын борбору Дублинде өткөн чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча коңшу Казакстандын курамасы тандоо турунда «I»тайпасындагы Орусия, Бельгия, Шотландия, Кипр жана Сан-Марино курамалары менен беттешет.

4жылда бир өтүүчү биринчиликтин 2020-жылкы турнири 12 шаарда өтөт. Арасында Орусиянын Санкт Петербург шаары да бар. Андан сырткары Лондон, Мюнхен, Дублин,  Баку, Копенгаген жана Глазго сыяктуу шаарлар турнирди кабыл алышат.

Тандоо турунда өз тайпасында биринчи жана экинчи орунду алып чыккандар менен кошумча тандалган 4 курама команда кошулуп, жалпы 24 өлкө биринчилик үчүн ат салышат.

Кошумчаласак, Европанын чемпиондугу аймактагы эң беделдүү биринчилик болуп, төрт жылда бир өтөт. Европанын учурдагы чемпиону Португалия курама командасы.

Copyright © 2017 Maral FM