Connect with us

Тагаев: Кытайда лагерлерге камалгандарды экстремизмге күнөөлөшөт

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Дек 2018 | 1665 | 0

Кытайда бир лагерде эле 180 миң киши тарбияланууда. Камалгандарды экстремизмге күнөөлөшөт. Мындай камоого 40 себеп бар. Бул тууралуу «Кытайлык кыргыздарды колдоо комитетинин» өкүлү Марат Тагаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал Кытайдагы этникалык кыргыздардын кайра тарбиялоо борборлоруна тартылып жатканы тууралуу маалыматтар алгач 2016-жылы түшө баштагынын айтат.

«Кытай лагерлеринде 50 миңдей кыргыз бар экени айтылууда. Бул чындыкка жакын. Камалгандардан сырткары күн сайын 1-2 сааттан сабак алып келгендер бар. Ар бир үй-бүлөгө кытайдын бирден өкүлү кирип, башчы болуп жашайт экен. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн аракетин көзөмөлдөө, эркиндигин чектөө коркунучтуу нерсе. Жаран «Ассалому алейкум» деп учурашса да, телефонунда тыюу салынган тиркемелер болсо да, чочконун этин жебесе дагы камашат. Камактан чыккандар менен байланышууга мүмкүнчүлүк жок», — дейт Тагаев.

Ал Кыргызстан этникалык кыргыздарга дипломатиялык жол менен жардам бере аларын айтат.

«Бул маселеге аяр мамиле кылуу зарыл. Биз бийликтен Кыргызстандын жарандыгын алган этникалык кыргыздарды колдоп беришин өтүнөт элек. Кыргызстандын элине дагы бул маселе боюнча маалымат беришибиз керек. Кытайлык кыргыздардын көпчүлүгү Кытайда кылымдар бою жашап келгендер. Алар Үркүндө качып баргандар эмес. Кытай менен болгон алаканы бузуп албай, экономикалык маселени камоолорго аралаштырбашыбыз керек. Кытайдагы кыргыздардын абалы боюнча үн катууга милдеттүүбүз. Эч кандай провокацияга алдырбашыбыз керек», — дейт Тагаев.

Ал буга кошумча, этникалык кыргыздардын маселесин чечүүдө кыргыз элинин биримдиги маанилүү экенин белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM