Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмунун онлайн саммитинде сөз сүйлөп жатып, Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкта бир катар актуалдуу маселелер бар экенин айтып, аларды телефондук сүйлөшүүдө талкуулоону Владимир Путинден суранды.
«Мен Орусиянын жетекчилигине жана жеке Владимир Путинге Кыргызстанга коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө өз убагында, үзгүлтүксүз жардам көрсөткөнү үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын бир катар актуалдуу маселелери бар. Мен сизден аларды телефондук сүйлөшүүдө талкуулоону суранат элем», — деди Жапаров.
Орусиянын президенти Владимир Путин айтылган өтүнүчтү карап чыгарын маалымдап, Кыргызстанда батыраак стабилдүүлүк орномоюнча, экономикалык, социалдык маселелерди чечүү кыйын болорун белгилеп, тынчсыздануусун билдирди.
Саясат талдоочу Жолборс Жоробеков президенттин милдетин аткаруучу Жапаровдун телефон аркылуу сүйлөшүүнү онлайн режимде тике суранганы дипломатиялык жол менен ийгиликке жете албагандыгынан улам болушу мүмкүн деп эсептейт.
«Менин оюмча, телефон аркылуу сүйлөшөбүз деген сөздөрдү дипломатиялык каналдар менен эле сүйлөшсө болот болчу. Мындай мамлекет аралык маселелер дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүлүп, андан кийин элге жайылат. Бирок кечээки онлайн саммитте айтканы башкача ойлорго салып коюшу ыктымал. Биз дипломатиялык жол менен ийгиликке жете албадык окшойт, ошондуктан президент өзү онлайн режимде тике кайрылып жатат. Эгерде жолугушуу онлайн болбой, жөн жолугушуу болгондо, өзү менен сүйлөшүп, мындай маселелерди чечип алмак. Мындан ар түрдүү божомолдорду чыгара бергендин кереги жок, биздин мамилелер мурда кандай уланып келсе, ошондой нукта уланышы керек. Садыр Жапаров да муну так кесе айтты. Демек ошондой эле болот деп ойлойм».
Ал эми мурдагы Экономика министри Эмил Үмөталиевдин айтымында, сырткы мамиле өзгөчө маанилүү маселе, бирок аны «өзгөчө деп эсептебей эле» ички шартты жакшыртуу керек. Тактап айтканда, сырткы мамиле, ички мыйзамдуулукту коргоодон, мыйзамдын негизинде иш алып баруудан таасирленет.
«Алардын да биздин ички ишке таасири болуп кетиши мүмкүн, бирок «кабыл алат, кабыл албайт» деп отургандан көрө, элибиз менен Өкмөттүн ортосундагы, мамлекеттин ичиндеги мыйзамдуулукту көбүрөөк көзөмөлдөп, көбүрөөк талкуулоо зарыл. Орусия менен мамиле сөзсүз түрдө жакшы болушу шарт, бирок бүгүнкү күндө Орусия үлгү ала турган өлкө эмес. Себеби, экономикасы да оор, элинин да нааразычылыктары көп. Ошол эле учурда саясий кризис да күчөп келатат. Биз алардын мамилелерине, саясатына абдан этият, акыл-эстүү мамиле кылышыбыз керек. Өзүбүзгө эл жана бийлик үчүн жакшы гана жактарын алышыбыз керек. Биз аларга багынып, «бир кезде бир бөлүгү болгонбуз» деп ээрчип жүрө бербей, дүйнөдөгү үлгүлүү шарттарды, үлгүлүү тажрыйбаларды көбүрөөк таразалашыбыз зарыл.
Мурдагы элчи, дипломат Кубан Мамбеталиев дипломатиялык эрежелер боюнча ар бир сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар протоколдун негизинде боло турганын белгилеп, президенттик шайлоо алдында сүйлөшүүгө барганы үгүт болуп каларын маалымдады.
«Телефон аркылуу сүйлөшөбүз» деген сөздөрдүн дипломатиялык жол менен чечилбей жатышынын себеби, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кезиккенде, дипломатияга таптакыр туура келбеген нерсени жасады. Протоколго кайсы тилде сүйлөшө турганы айтылат, орус тилинде сүйлөп жатып, кыргызча суроо берген журналистке кыргызча жооп берди. Ошондон кийин ал жактан кичине кагуу жеди. Тышкы иштер министри мындай ишти жасабашы керек. Муну «фиаско» деп коет. Бардык нерсенин жолу болушу шарт. Мына азыр Садыр Жапаров президент боло элек, премьер-министр болгондуктан, Орусиянын премьер-министри менен гана сүйлөшөт. Деңгээли ошондой. Президент болгондо, президенти кабыл алат. Азыркы учурда шайлоонун алдында сүйлөшүүгө барса, үгүт катары кабыл алынат. Муну бийликте турган адамдын өзүн-өзү алып жүрүү этикасы деп коет. Мындай эрте кадамдардан натыйжа күтпөш керек».
Эске салсак, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын видеоконференция форматындагы жыйынында эл аралык жана аймактык зарыл маселелер боюнча пикир алышуу болду. Жыйын соңунда бир катар документтер кабыл алынды. Саммитке уюмга мүчө Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан, ошондой эле байкоочу мамлекеттер Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголия катышты.
Жыйында бир гана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жөнүндө жылуу пикирин айтты. Андай мүмкүнчүлүктөр башка президенттерде да бар болчу, бирок эч ким ооз ачкан жок.