Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Жээнбековдун штабынын чыгымы тууралуу маалымат текшерилүүдө

Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 719 | 0

Адвокат Нурбек Токтакуновдун жана орусиялык журналист Алексей Василивицкийдин президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын чыгымдары тууралуу жарыялаган маалыматтары текшерилип жатат. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Учурда министрликтин Тергөө кызматы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүлөр болуп жатат. Маалыматта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 19-ноябрда телеканалдардын бириндеги билдирүүсү боюнча да териштирүүлөр жүрүп жатканы айтылган.

Анда мурдагы мамлекет башчы президенттик шайлоодо коротулушу мүмкүн болгон чыгымдардын эсеби коомчулукка тарагандан баштап КСДПнын шайлоо алдындагы штабынын эсепчисинин өмүрүнө жана анын үй-бүлөөсүнө коркунуч туулуп жатышы мүмкүн деп айтылган”,-деп маалыматта жазылган.

Кошумчалай кетсек, Нурбек Токтакунов “Фейсбук” социалдык түйүнүндөгү баракчасына 2017-жылы өткөн президенттик шайлоону өткөрүү учурунда КСДПнын шайлоо штабы менен алардын талапкери короткон чыгымы тууралуу өз билдирүүсүн жазган.

Андан кийин орусиялык журналист Алексей Василивицкий Сооронбай Жээнбековдун штабында иштегендиги тууралуу видео кайрылуусун социалдык тармактардагы баракчасына жүктөп, коркутуулар болгону себептүү Кыргызстандан чыгып кеткенин жазган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM