Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ички мигранттардын 20% гана каттоого турат

Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 574 | 0

Кыргызстанда ар бир 5-ички мигрант гана жашаган жерине каттоого турат. Мындай маалыматты Эл аралык миграциялык уюму “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында айтты.

Жүргүзүлгөн сурамжылоого таянылып чыгарылган маалыматта ички мигранттрадын 36 пайызын жаштар түзөрү маалым болгон.

“Мигранттардын 30 пайызы каттоого алынгандан кийин коммуналдык төлөмдөрдү төлөөдөн качышат. Ошондой эле 15 пайызы каттоого туруу зарылдыгы тууралуу кабардар болгон эмес. Айрымдарында керектүү документтери жок.

Ички мигранттардын сурамжылоого катышкандарынын 43 пайызы медициналык китепчесинин жок экенин билдиришкен. Ошондой эле 46 пайызы жумуш менен камсыздалган болсо, алардын 90 пайызы туруктуу жана жалгыз жерде иштегендер.

Copyright © 2017 Maral FM