Биз менен байланышыңыз

Бишкектин мектептеринде электрондук кезек киргизилет

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Ноя 2018 | 737 | 0

Кийинки жылы Бишкекте окуучуларды мектепке кабыл алуу боюнча электрондук кезек киргизилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Асел Куланбаева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, мындай электрондук кезек мектептердеги коррупциянын алдын алат.

«Мектеп директорлору акча алат деген маселелер көп. Ошону чечүү жолун издейбиз. Мындан сырткары директорлор боюнча иштер жүрүп жатат. Айрымдарын ротация кылдык. Ар бир мектеп жана бала бакчаларда ата-энелер тарабынан түзүлгөн коомдук фонддор бар. Алар мекемелерге колдоо көрсөтөт. Ошол фонддун акчасынан эле мугалимдерге кошумча каражат төлөнөт. Бирок фонд үчүн бардык бала акча чогултпайт. Окуучулардын 50% гана берет. Алсак, бир жылда Бишкек боюнча мектептеги коомдук фонддордон 250 млн сом чогулат», — дейт Куланбаева.

Маалыматка ылайык, жыл сайын бир жаңы мектеп салынып, колдонууга берилүүдө. Эми 2019- жылы да Мурас-Ордо конушунда жаңы мектеп ачылат.

Бишкектеги мектептер 67 миң балага ылайыкталган. Бирок учурда калаада 157 миң окуучу билим алып жатат. 1990-жылдардан бери борбордо 24 мектеп курулган.

Copyright © 2017 Maral FM