Биз менен байланышыңыз

Коопсуз шаар: февралга чейин Бишкектин 38 жерине камера коюлат

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 744 | 0

«Коопсуз шаар» долбоору боюнча бардык тендердик процедуралар аяктаган жана тиешелүү техникалык иштер жүргүзүлүдө. Мындай маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында билдирди.

Ага ылайык, декабрь айынан келерки жылдын февралына чейин Бишкектин 38 көчө кесилишинде жана негизги трассаларда жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктоочу камералар орнотулат.

«Мамлекеттик бюджеттин каражаттары колдонулбайт. Айыптардан топтолгон каражаттар инвестор, тиешелүү мамлекеттик орган жана жергиликтүүбийликтин ортосунда бөлүштүрүлөт», — деди премьер-министр.

Ошондой эле жаңы түзүлө турган патрулдук милицияга кызматкерлерди кабыл алуу сынактын негизинде жүргүзүлөрүн, анда алардын мыйзамды билүүсүнө басым жасаларын да кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM