Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Өкмөт президенттин шайлоо алдындагы программасын ишке ашырууда

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 536 | 0

Өкмөт мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдында берген убадаларын ишке ашырууга аракет кылууда. Мындай маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, шайлоо алдындагы убадаларга билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарын колдоо боюнча чаралар камтылган.

«Дарыгерлердин айрым категорияларынын айлык акысы жогорулатылган, келерки жылдын бюджетинде буга тийиштүү каражаттар каралган», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле ичүүчү суу менен 2 15 айылды камсыздоо боюнча долбоорлор ишке ашырыларын маалымдады.

Өкмөт башчы мурда билдиргендей, 2019-жылга карата республикалык бюджетте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органларынын ишин стимулдаштырууга жана алардын кирешесин жогорулатууга 100 млн сом салынган. Мамлекеттик экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле өлкө региондорундагы өндүрүштү жандандыруу максатында 2019-жылга карата республикалык бюджетте 2 млрд сом каралган.

Киреше салыгын бөлүштүрүүдө жергиликтүү бюджеттин үлүшүн 50%дан 70%га чейин жогорулатуу сунушталууда, мунун эсебинен аларга кошумча 2,1 млрд сомдон ашык каражат каралмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM