Биз менен байланышыңыз

Итибаев: Кыргызстан таза суунун запасы боюнча дүйнөдө 2-орунда турат

Пикирлер | 29 Ноя 2018 | 1168 | 0

2019-жылы Кыргызстан сууну башка мамлекеттерге сатууга да болот. Анткени 2019-жылдын кыш мезгилинде кар көп жаайт. Бул тууралуу аталган мекеменин директору Зарылбек Итибаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, жаан аз болгондуктан 2018-жыл кургакчыл болгон. Бирок алдыда жаан көп болушу күтүлүүдө.

«Ноябрь айында кез-кези менен жаан, кар жаап жатат. Эми кыш мезгилинде кар жакшы жаайт. Мөңгүлөрдүн ээриши, суулар кайсы суу сактагычка келери тууралуу алын ала божомолдуу маалымат чыгарылат. 80ге жакын дарыя тууралуу маалыматыбыз бар. Токтогул суу сактагычында 18 млрд куб суу бар. Мурда өкмөт менен бирге иш жүргүзүлбөгөндүктөн, бассейндеги суулар коё берилчү. Азыр андай эмес, өкмөт менен бирге иштеп жатабыз»,-дейт Итибаев.

Ал Кыргызстан таза суунун запасы боюнча дүйнөдө 2 орунда турарын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM