Биз менен байланышыңыз

Түлеев: Атамбаев кечирим сурады

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Ноя 2018 | 1318 | 0

Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеев “Марал” радиосуна берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамабаев Түлеевдин атасына кылынган мамиле боюнча кечирим сураганын билдирди.

Түлеев Атамбаев менен бир учакта бара жатып көп маселелерди, анын ичинен Кыргызстандагы абал, камалып жаткан балдар, сот системасы, кадрлар тууралуу кенен сүйлөшүшкөнүн айтат.

«Атамбаев мүлкүмдү туура эмес тартып алганын мойнуна алды. Колуңдан келсе, аксакалдын жерине барып куран окуп кой дедим. Атамбаев «2020-жылы шайлоодо чогуу болуп калсак баары ордуна келет» дегендей сөзүн айтты. Аны менен бир учакта кетерибизди алдын ала билсем, учмак эмесмин. Мен учакта бара жатканда жиним менен ашата сөгүп алдым. Анан Атамбаев сүйлөшөлү деп калды»,-дейт Түлеев.

Түлеев Атамбаев менен сүрөткө түшө коёп «балээге калганын» белгиледи.

«Мага “сабасаң болмок, эркек эмессиң” деген билдирүүлөрдү жазып жатышты. Саясий элитада жүргөн адамдар, журналисттер ушинтип жазып жатса, таң калат экенсиң. Мен ага кол сала турган болсом, учак жолдон конууга туура келип, жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык болмок. Экинчиден, экс-мэр менен экс-президент учакта урушту деген сөз тарап аброюбуз түшмөк. Мен Кыргызстандын имиджин ойлодум»,-дейт Түлеев.

Маалыматка ылайык, экстер укук коргоо органдарынын, соттордун иштери тууралуу да пикир алмашкан.

«Ушул соттор жакында сени камайт билесиңби?- десем, Атамбаев «билем» деп жооп берди. Ар бир кадрга токтолдук. Ким кайсыл жерде пентхауста экенин, кадрларынын чет өлкөдөн алган үйлөрү тууралуу айттым. Бир генерал Түркияда көп жылдыздуу мейманкана сатып алганын айтып берсем, “мен президенттиктен кеткен соң ишендим” деди. Эс ал десем, Атамбаев “эс алмакмын, балдар түрмөдө жатпайбы” деди. Азыр аны карап бир жагынан бооруң ооруйт, бир жагынан жиниң келет»,-дейт экс-мэр.

Эске салсак, 22-октябрда Алмазбек Атамбаев Орусияга учуп барган. Нариман Түлеев Атамбаев менен кошо бара жатканын  социалдык баракчасына жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM