Биз менен байланышыңыз

Түлеев: Атамбаев менен 3 жарым саат сүйлөштүк

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 4450 | 1

Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев, фейсбукка экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учакта чогуу бара жатып түшкөн сүрөтүн жарыялады. Анын бул кадамы социалдык тармакта кызуу талкууга түштү. Себеби бул сүрөттү чыгарганга чейин Түлеев Атамбаев менен бир учакта бара жатканын, ага бир катар нааразылыктарын айткан эле.

Кийинчерээк сүрөт тууралуу комментарий берди. Ал билдирүүсүндө, алгач Атамбаевди учакта көргөндө ачуусу келип, өзүн кармана албай, орой түрдө кайрылганын айтат. Бирок Атамбаев келип кол берип учурашкан. Түлеев аны менен улууларды сыйлоо маанисинде гана кол алышкан.

«Кел, сүйлөшөлү…деп айтты. Анан биз 3 жарым саттан ашык сүйлөшүп отурдук. Мен анын жүргүзгөн саясаты, ал жана анын кадрлары өлкөнү тоношконун, башкалардын бизнес жана мүлктөрүн ээлеп алышканын айттым. Мен анын элге берген убадалары аткарылбаганын, күч, сот органдары реформаланбай калганы тууралуу айттым» , — дейт Түлеев.

Атамбаев Түлеевдин айткандарына башын ийкеп отурган экен. Ошондой эле, «качып баратасыңбы?» деген суроосуна «кайра келем» — деп жооп берген.

Түлеев Атамбаев менен дагы эмнелер жөнүндө сүйлөшкөнү тууралуу жакында кенен маалымат берерин кошумчалап, өзүнүн эле эмес элдин да нааразылыктарын Атамбаевдин бетине айтууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калганы үчүн тагдырга ыраазычылык билдирген.

Ал эми экөөнүн сүрөтүн башкалар бурмаланган мааниде жарыялаганга чейин чыгарганын айткан.

Эске салсак, бүгүн 22-октябрда Алмазбек Атамбаев Орусияга учуп барды. Учакта аны менен кошо бара жатканын Нариман Түлеев социалдык баракчасына жарыялады.

Атамбаев 24-27-октябрда Москвада өтө турчу саясий партиялардын эл аралык жыйынына катышып, 28-октябрда кайтып келерин КСДП партиясы билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM