Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Коомчулук биргеликте мыйзамсыз иштерди оңдосок

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Ноя 2018 | 625 | 0

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясында каралган нормаларды жүзөгө ашыруу үчүн 10 жылдын ичинде 6 млрд 600 млн сомдон ашык каражат керек. Ал каражаттын баары мамлекеттен алынбайт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аталган конвенцияны ратификалоонун арты менен 75 ар кандай мыйзамга өзгөртүү киргизилип, мүмкүнчүлүгү чектелгендерди коомго аралаштыруу үчүн шарттар түзүлөт. Башкача айтканда, аларга шарт түзүү милдеттүү түрдө мыйзам катары каралат.

«Балким балдарды жаш кезинде жетиштүү камкордука алсак, кийин майып болмок эмес беле? Баланын майып болуусуна эмне түрткү болгонун изилдеп карасак. Эгерде жергиликтүү бийлик жер маселесин чечип берсе муктаж үй-бүлөлөргө там куруп берели деп кайрылгандар бар. Мындан сырткары жарандар мыйзамсыз иштерди факты менен көрсөтүп кайрылышса биз чара көрөбүз. Коомчулук биргеликте мыйзамсыз иштерди оңдосок», — дейт Кочкоров.

Ал белгилегендей, сүйүнчү пул банктардагы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кечигип калган учурлар катталууда. Учурда сүйүнчү пулду кыска аралыкта берүү боюнча жумушчу топ иштеп жатат.

Кочкоров буга кошумча, карылар үйү менен балдар үйүн бириктирүү маселеси караларын айтты.

«Мен балдар үйүнө да барып келдим. Ал жердеги жакшы шарттарды көрүп канааттандым эле, бирок жасалма болуп калганын айтышты. Мындан улам орун басарларыма күтүүсүз текшерүүгө баруу боюнча тапшырма бердим», — дейт министр.

Белгилей кетсек, өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 180 минден ашуун.

Copyright © 2017 Maral FM