Памирден келген кыргыздардын ымыркайларына да сүйүнчү пул каралган. Бул тууралуу Каттоо жана жарандык абалдардын актыларын каттоо департаментинин адиси Асмат Мамасалиева билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга көчүп келгенден кийин памирлик кыргыздар эки наристелүү болушкан. Аларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилип, 4 миң сом өлчөмүндөгү сүйүнчү пул төлөнгөн.
Белгилей кетсек, өлкөгө келген памирлик кыргыздар кайрылман иретинде күбөлүк алышкан. Ал эми жарандык алуу үчүн арыз жазып кайрылуусу жана президенттин жарлыгы чыгышы кажет.