Биз менен байланышыңыз

Атактуу кытай сүрөтчүсү Шинжаңга кеткен бойдон дайынсыз

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Ноя 2018 | 673 | 0

Нью-Йоркто жашаган кытайлык белгилүү сүрөтчү, бир катар эл аралык сыйлыктардын ээси Лу Гуан маданий иштерге катышуу үчүн Шинжаң уйгур автономиялык облусуна келген бойдон дайыны чыкпай жатат. Бул тууралуу Би-Би-Сиге анын жубайы Сюй Сяоли билдирген.

Жубайынын айтымында сүрөтчү Лу Гуан 23-октябрь кунү Үрүмчү шаарына бир катар сүрөт көргөзмөлөргө чакыруу алып, учуп келген. Кийин 3-ноябрда Сюй Сяоли менен телефон аркылуу сүйлөшүп, 5-ноябрда досу Чен экөө кайрымдуулук иш-чарасына катышарын айткан. 5-ноябрда досу Чен белгиленген иш-чарага келип, Лу Гуанды таппай, Нью-Йорктогу жубайынан сурайт. Ошол күндөн бери анын кайда жана кандай абалда экени белгисиз болууда.

Ал дайынсыз болгон күндөн тарта жакындары ар кайсы тараптан издештирип, акыры аны коопсуздук кызматы кармап кеткенин билишти. Муну иш чара өткөн шаардын бийлиги жана Гу Луан төрөлгөн шаар Чжецзяндын бийлиги да тастыктады.

Бирок эмне себептен кармалганы, азыр кайда экени жана качан чыгары тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес.

«Анын кандайдыр бир кылмыш кылганына ишенбейм. Ал көбүнчө адам укуктары, коомдун абалына арналган сүрөттөрдү тартчу. Аны чыгармачылыгы үчүн кармашы ыктымал. Жакында үйлөнгөнүбүздүн 20 жылдыгын белгилемекпиз. Тилекке каршы анын тирүү, эсен-аман келерин да билбей, үмүт менен күтүп олтурам«,- деп билдирди жубайы Сяо.

Кытайдын батышында орун алган Шинжаң уйгур автономиялык облусу өлкөдөгү эң чыңалуудагы, кысым жасалган аймак катары белгилүү. Ал жердеги абал тууралуу жазган бир нече журналист да абакка кеткен. Пекин радикализм менен күрөшүү жүйөсү менен миллиондон ашуун этникалык азчылыкты «саясий кайра тарбиялоо лагерлерине» камаганы маалым болууда.

Copyright © 2017 Maral FM