Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ: Казакстан инвестициясын 38 пайызга жогорулатты

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 937 | 0

ЕАЭБдин алкагында Казакстан инвестициясын 38 пайызга жогорулатты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Бакытжан Сагинтаев айтты.

Анын айтымында, 2018-жылдын I кварталында Казакстанга тартылган инвестициянын көлөмү 38 пайызга өстү. Ошол эле кезде инфляциянын деңгээли түштү деп белгиледи.

Белгилей кетсек, учурда Беларусиянын Минск шаарында Евразия өкмөт аралык кеңешинин (ЕӨАК) жыйыны өтүп жатат. Ага биримдикке мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM