Биз менен байланышыңыз

Айбике Исабаева: Мамлекеттен акча тургай көңүл дагы бөлүнбөйт…

Кезектеги «Желе шоу» программабызды коногу тай бокс боюнча дүйнө чемпиону, алтын медалдын ээси Айбике Исабаева кызыктуу маек куруп берип, мамлекеттен колдоо болбой жатканын баса белгилеп айтты.

«Башка өлкөгө барып чемпион болуп алтын медаль тагынып, Кыргызстанымдын желегин желбиреткенимде ушунчалык сыймыктанып кубандым. Бул дагы болсо менин өлкөмө кошуп жаткан салымым деп ойлойм. Бирок бул нерсеге мамлекеттен көңүл бурулбай жатканы өкүндүрөт. Акча жагынан жардамды жөн эле койгула, жадагалса сыйлоо баракчасын берип көңүлгө дагы алып коюшпайт. Бир гана массалык маалымат каражаттарына ыраазычылыгымды билдиргим келет. Бизди эл менен байланыштырып, ийгиликтерибизди жарыялап турушат. Дал ушул сиздердин жана ата- энемдин, жакындарымдын колдоосун көргөндө, дагы да машыгып ушул багытта  көптөгөн ийгиликтерди жаратып келем», — дейт дүйнө чемпиону Айбике Исабаева.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM