Биз менен байланышыңыз

Украинада бир айлык аскердик өзгөчө кырдаал жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 668 | 0

Украинанын парламенти Жогорку Рада президент Петр Порошенконун өлкөнүн он облусуна бир айлык аскердик өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу жарлыгын кубаттады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Мындай чечимди Керч кысыгында катталган кагылышуудан кийин шашылыш чогулган коопсуздук кызматынын командирлери жыйынында сунушташкан. Ал эми 26-ноябрда жабык эшик артында кезексиз жыйналган парламент бул тууралуу президенттин жарлыгына бир топ өзгөртүүлөрдү киргизүү менен кабыл алышты. Тактап айтканда, өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү эки айга пландалса, Рада аны эки эсеге кыскартты. Ал эми өзгөчө укуктук режим киргизилчү аймактар да кыйла азайтылган.

Аталган жарлыкты коомчулукка расмий түрдө ачыктап жатып, президент Порошенко: «Бул кадам Украинанын  эч кандай согушуу ниетин билдирбейт. Ошондой эле Орусияга каршы аракет да эмес. Болгону мындай режим киргизүү менен Орусия тараптан акыркы кездери байма-бай көрүлүп жаткан согуштук агрессиянын зыяндарынан коргонуу үчүн күч түзүмдөрүнүн күжүрмөн даярдыгын бекемдөө максатын гана көздөйбүз»,-деп билдирди.

Ошону менен бирге өзгөчө кырдаалдар жарандардын конституциялык укуктарын жана мүмкүнчүлуктөрүн чектебесин кошумчалады.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM