Биз менен байланышыңыз

Италия соту дүйнөнүн эң кымбат коррупциялык схемасын ачыкка чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 925 | 0

Нефть өндурүүчү италиялык Eni жана англо-германиялык Shell компаниялары Нигериядагы ишмердүүлүгүндө чоң коррупциялык схеманы билип туруп жашырышкан. Бул тууралуу маалыматты Global Witness аудиттик компаниясы ачыкка чыгарды.

Милан сотуна берилген текшерүүнүн жыйынтыгында  FBI (АКШнын федералдык иликтөө бюросу), Нигериянын мурунку президентине жана мунай өндүрүүчү Eni жана Shell  компанияларынын мурунку жана учурдагы жетекчилерине кылмыш иши козголду. Алардын 2011-жылдан берки Нигериядагы мунай өндүрүшүндөгү коррупциялык иштери Нигерия өлкөсүнүн бюджетине дээрлик 6 миллиард долларлык зыян алып келген. Компаниялар келишим боюнча өздөрү төлөп жаткан акчанын жарымы пара катары жеке тараптардын чөнтөгүнө түшүп, мамлекеттик бюджетке жетпей жатканын билишкен жана аны жашырышкан. Бул сумма Нигериянын билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына бөлчү жылдык бюджеттен эки эсеге көп.

Нигериянын мурунку Мунай өндүрүш министри Дан Этете Франция соту тарабынан кармалып, мыйзамсыз ири суммадагы акчаны алып жүргөнү, кымбат баалуу жогорку ылдамдыктагы кайык жана хансарай сатып алганы аныкталган. Анын эсебинен өтө көп сандагы 100долларлык баалуу кагаздар табылып, бары мунай үчүн алынган пара экени белгилүү болгон.

Кылмыштын зыянын эсептеген Global Witness компаниясынын өкүлү Ава Ли: «Бул каражат Нигериянын алты миллион мугалимин эки жыл айлык менен камсыз кылууга жетмек. Мынчалык чоң суммадагы паракордукту элестетүү абдан кыйын. Бирок учурда кедейликтин эң жогорку чегине жеткен Нигерия үчүн чоң ишке жарамак экени анык»,-деп билдирди.

Бирок компаниялар бул ишке алар айыптуу эмес экенин айтып, толугу менен Нигерия бийлигинин жоопкерчилигиндеги маселе экенине ишендиришүүдө.

Кошумчаласак, Нигерия Африкадагы өлкөлөрдүн арасынан экономикасы эң кучтүү мамлекет. Мунай жана газдын корунун ири көлөмүнө ээ экенине карабай миллиондогон эли ачкачылыктын чектеринде кун көрүшүүдө. Нигерия калкынын саны боюнча да Африканын лидери. Анда 190 миллиондон ашуун эл жашайт.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM