Биз менен байланышыңыз

Австралиядагы өрт күч алууда

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 747 | 0

Австралиянын Куинсланд аймагындагы токойдон от алган өрт барган сайын күч алууда. Бул тууралуу штаттын Өрт жана озгөчө кырдаал кызматы билдирди. Кызматтын адистери бул өрттү демейки өрттөрдөн өзгөчө, жүдөтүүчү деп баалашты.

Алар аймактын бир катар райондорунда эвакуация иштерин жургүзүп, жүздөгөн жарандар үйлөрүн таштап кетишти. Учурда жылдын кургак мезгилин өткөрүп жаткан материкте жүргөн катуу шамал өрттү ар кайсы тарапка үйлөп, 50дөй бөлүккө чачыратып салган чагы.

Өрттүн эң ири каптаган жери Deepwater улуттук паркында 50 кмге созулуп, 11 миң гектарды камтып, бир нече турак-жайды жарактан чыгарды. Өрттүн дал ушул бөлүгүн токтотуу оорлоп, алдыдагы бир нече кунгө созулуусу кутулүүдө. Буга байланыштуу аталган аймактагы жарандарды коопсуз жерге көчүрүү иштери журүүдө.

Ишемби күнү башталган өрт кургакчылыктан улам пайда болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM