Биз менен байланышыңыз

Мексика 500 мигрантты депортациялайт

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 631 | 0

Мексиканын АКШ менен чегиндеги Тихуана шаарында миңдеген мигранттардын арасынан чек арадагы тосмоктон күч менен өтүүгө аракет кылгандар чыкты.  Мексиканын Ички иштер министри Альфонсо Наварретенин билдиришинче алардын лидерлери Американын бул күттүрүүсүнө каршы протест уюштуруп, натыйжада мигранттарды күч менен чек арадан кирүүгө чакырышты. Жүздөгөн киши алардын артынан тосмодон секирип кире башташты. Экинчи тосмого жеткенде гана АКШ аскерлери көздөн жаш чыгаруучу газ менен токтотушту. Эми мыйзамга каршы иш жасап,  бул чууга катышкан 500гө чукул мигрантты Мексика бийлиги кайра артка кайтарып, өлкөдөн чыгарарын билдирди.

Борбордук Американын Сальвадор, Гватемала жана Гондурас сыяктуу жакыр өлкөлөрүнөн жөө-жалаңдап чыгып, 4миң чакырымдай жолду басып өтүп келген мигранттар АКШ президенти Дональд Трамптын катуу каршылыгына дуушар болушту. Ал келген мигранттардын ар биринин жөнүн сот карап чыгып, уруксат бермейинче өлкөгө кирүүгө уруксат бербесин эскерткен. Бул болсо бир нече айга созулуусу мүмкүн. Чыдамы кеткен айрымдар жогорудагыдай күчкө салып өтүүгө аракет кылышты.

Эске салсак, АКШ президенти Дональд Трамп мигранттарга карата катаал мамилесин алардын арасында мафия мүчөлөрү, террористтер болуусу ыктымал экени менен түшүндүрөт. Анын аталган миграция агымынын кирүүсүнө толук кандуу тыюу салган жарлыгына өлкөнүн  Жогорку соту убактылуу бөгөт коюп, 19-декабрга чейин мигранттардын арыздарын кароону уланта турган кылышты.

Copyright © 2017 Maral FM