Биз менен байланышыңыз

«Апрель баатырлары» эскерилди

Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 847 | 0

25-ноябрь күнү “Апрель баатырлары” коомунун төрагасы Маратбек Мамбетов тарабынан уюштурулган Апрель окуясында каза болгондорду эскерүү болуп өттү.

Каза болгондордун ата-энелери, жакындары “Ата Бейит” көрүстөнүнө барып, каза болгондорго багыштап Куран окуп, алардын эстелигине гүл коюшту.

Эскерүүнүн катышуучулары Апрель окуясында мерт кеткендердин жакындарына, ата-энеси жана балдарына өкмөт тарабынан татыктуу көңүл бурулбай жатканына наразы экенин айтышты. Алардын айтымында өздөрү хан сарайларды салып алганын унутуп, аларга берилген бир бөлмөлүү батирди кайсыл жерге барбасын эскертип кыжырына тийишет. Берилген батирлерге газ жана борбордук жылуулук системасы киргизилген эмес. Ошондой эле ал үйдүн алдына “Ихлас” курулуш компаниясы жаңы үй куруп жатканын, ал үй көзгө көрүнөөрлүк эле тоскоолдук жаратарын иш-чаранын катышуучулары айтышты.

Бул маселелер менен көп ирет өкмөткө кайрылып, майнаптуу жооп ала албаганын айткан ата – энелер болду. Ага кошумча өкмөт жетим калган балдарга жөлөк пулду көбөйтүүнү караса жакшы болоорун билдиргендер болду.  Эскерүүнүн катышуучулары “Ата Бейит” көрүстөнүнөн чыгып Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айлындагы Хан сарайына барышты. Элдин мүлкү менен байыган деп экс-президентти күнөөлөп, ага тиешелүү болгон турак-жайды өкмөттүн карамагына өткөрүү керектигине токтолушту.

Copyright © 2017 Maral FM